Казакстан менен Орусия суу ташкынына даярдык боюнча маалыматтар менен алмашат

Казакстан менен Орусия суу ташкынына даярдык боюнча маалыматтар менен алмашат

Казакстан менен Орусия чек арадагы дарыялардагы суунун деңгээли боюнча маалымат алмашууну макулдашты. Бул келишим суу каптоо коркунучу басылганга чейин уланат. Мындан тышкары, мамлекеттер суу сактагычтардын иштөө режими жана дарыялардагы суунун күтүлүп жаткан деңгээли тууралуу маалымат алмашат. Белгилей кетсек, адистер республиканын аймагындагы суу сактагычтарды жана дарыяларды 24 саат бою көзөмөлдөп турушат. Көтөрүлгөн сууну коопсуз өткөрүп кабыл алуу үчүн атайын суу сактагычтар даярдалган. Эки өлкөнүн аймагынан өткөн Иртиш жана Жайыкты кошо алганда 240 чакырым дарыялар тазаланды. Эскерте кетсек,жалган куран-чын куран  айларында аба ырайынын жылуу болушу күтүлүп, мындай мезгилде суу каптоо коркунучун күчөткөн нөшөр көбөйүшү мүмкүн.


Которгон: Илгиз Жамалбеков