Маданият жана Маалымат министри Аида Балаева мамлекет башчыга чыгармачыл тармакты өнүктүрүү, кино жана китеп тармагын жакшыртуу боюнча иш планы менен тааныштырды. Касым-Жомарт Токаевге министрликтин учурдагы ишмердүүлүгү жана келечеги, мекемени кайра түзүүнүн жыйынтыктары, ошондой эле маданият, маалымат, дин, этностор аралык мамилелерди, жарандык коомду, үй-бүлө жана жаштар саясаты тармактарын өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоорлор тууралуу маалымат берилди. Жыйындын соңунда мамлекет башчысы аталган багыттарды мындан ары да алдыга жылдыруу боюнча министрликке бир катар конкреттүү тапшырмаларды жүктөдү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков