Касым-Жомарт Токаев менен Швейцариянын финансы институтунун башкаруу кеңешинин төрагасы Мартин Шлегель бүгүн Акордадагы жолугушууда Казакстан менен Швейцариянын Улуттук банкынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Касым-Жомарт Токаев Швейцариялык адистердин тобокелдиктерди башкаруу жана төлөм системалары боюнча биздин өлкөнүн Улуттук банкына көрсөтүп жаткан техникалык колдоосун белгиледи. Өз кезегинде Мартин Шлегель санариптик каржы тармагында биргелешип иштөөнү сунуштады. Тараптар ошондой эле валюта рыногун чыңдоо жана улуттук валюталарга болгон ишенимди арттыруу чараларын талкуулашты.
Которгон: Назира Бегалиева

