Салыктык жана бажылык башкаруу жараяндары толугу менен санариптештирилүүгө тийиш. Ал эми Каржы министрлигинин бул маалыматтык системаларын интеграциялоо жылдын аягына чейин аякташы керек. Тапшырманы аткарууну тиешелүү мекемеге министрлер кабинетинин башчысы тапшырды. Олжас Бектеновдун айтымында, бардык процесстерди мүмкүн болушунча санариптештирүү башкаруунун натыйжалуулугун арттырууга мүмкүндүк берет. Өкмөттө бул багытта кандай иштер аткарылгандыгы жана аны жакшыртуу боюнча алдыдагы пландар тууралуу каржы министри айтып берди. Мади Такиевдин айтымында, акыркы 5 жылда кабыл алынган чаралардын аркасында республиканын бюджети 4 триллион теңгеге толукталган. Анын 23 пайызы же 932 миллиард теңгеси 2023-жылга туура келет. Министрдин айтымында, быйыл башкарууга арналган киреше боюнча 1,6 триллион теңгелик план түзүлгөн. Бул өткөн жылдын деңгээлинен 173%га көп. Мындан тышкары, ири салык төлөөчүлөрдүн, ошондой эле, мунай секторунун жана тоо-металлургия комплексинин ишканаларынын салык дараметин жогорулатуу маселеси активдүү иштелип чыгууда. Мади Такиев жаңы Салык кодексиндеги жаңылыктар тууралуу кеңири түшүндүрмө берди.
Мади Такиев, Каржы министри:
— Ооруп дарылангыча, ооруп калбоонун жолун изде демекчи, кетирилген кемчиликти жойгуча, аны алдын алган туура деп эсептейбиз. Бул максатта «Электрондук эсеп-фактураны» каттоодо же жазып берүү кезинде адамдын биометрикалык идентификациялоо функциясы ишке ашырылды. Мамлекет башчысынын тапшырмасын ишке ашыруу максатында кошумча нарк салыгын кайтарып берүүнүн жол-жоболору кайра каралып чыкты. Ошондой эле, кошумча нарк салыгын тез кайтарууну камсыз кылууга мүмкүндүк берген аналитикалык система иштелип чыкты. Бул ата мекендик товар өндүрүшчүлөр үчүн олуттуу колдоо болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков