Президент баш калаадагы социалдык объектилерди кыдыруу учурунда үй-бүлөлүк SANA спорт борборунда болду. Мында спорт, чыгармачылык жана билим берүү багыттары боюнча 29 ийрим иштейт. Ошондой эле, 29 машыктыруучу жана 25 жогорку квалификациялуу мугалим эмгектенет. Касым-Жомарт Токаев борбордун спорт залдарын, чыгармачылык клуб бөлмөлөрүн жана окуу класстарын көрүп чыкты. Ошону менен бирге ийримге лекция окууга келген шахмат боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айару Алтынбекке белек тапшырып, ийгиликтерди каалады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков