Кытайдын борбору Бээжинде «Астана» эл аралык каржы борборунун сотунун жана эл аралык арбитраждык борбордун жаңы дүйнөлүк деңгээлдеги кеңсеси ачылды. Эми кытай инвесторлору талаш-тартыштарды өз өлкөсүндө чече алат. Бул өз кезегинде бизнес өкүлдөрүнүн ишенимин арттырып, өлкөдө эффективдүү инвестициялык климатты түзүүгө өбөлгө түзөт. Белгилей кетсек, Казакстандан тышкары АЭКБ жана эл аралык кылмыш сотунун ушундай кеңселери Евразиянын сегиз өлкөсүндө – Азербайжан, Армения, Грузия, Кыргызстан, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстанда бар. Бул борборлордо акыркы 6 жылда 2600дөн ашык иш каралып, жыйынтыгында ишкерлерге байланышкан талаш-тартыштар 100 пайыз оң жагына чечилген. Анын ичинде кытайлык инвесторлорго байланыштуу 20 иш каралган. Алардын көбү курулуш долбоорлоруна жана сатуу келишимдерине байланыштуу.
Кристофер Кэмпбелл-Холт, «Астана» эл аралык каржы борбору сотунун аппарат башчысы:
- Жакынкы арада башка өлкөлөрдө да кеңселерди ачууну пландап жатабыз. Бул Казакстанда бизнес активдүү түрдө өнүгүп келе жатканын билдирет. Астана эл аралык каржы борборуна КЭР инвесторлорунан көптөгөн ири каржылык салымдары келип түшөт. Бул үчүн аларда жаралган талаш-тартыштарды чечүү үчүн аянтча керек. Көп учурда мындай жолугушуулар онлайн өткөрүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков