Алматыда өткөн X «Айбын»
аскердик-патриоттук жаштар эл аралык жыйынына Казакстан, Азербайжан, Беларус,
Кыргызстан, Орусия жана Өзбекстандын командалары катышты. Иш-чарага жалпысынан
14-17 жаш аралыгындагы 750 жаш өспүрүм катышууда. Мелдеш биринчи коргоо министри,
генерал Сагадат Нурмагамбетовдун 100 жылдыгына карата өткөрүлдү. Президенттин
куттуктоо сөзүн катышуучуларга Казакстан Коопсуздук кеңешинин катчысы окуп
берди.
Гизат Нурдаулетов, коопсуздук
кеңешинин катчысы:
-Жакынкы арада сиздер
өзүңүздөрдүн күч, эптүүлүк, чыдамкайлагыңыздарды сынап, билимиңиздерди
көрсөтөсүздөр. Мындан тышкары, жаңы аскердик техника менен таанышып, жаңы
досторду табасыздар. Негизгиси тартип жана жоопкерчилик, өз ара жардамдашуу жана
уюшкандык менен гана аскердик өнөрдө ийгиликке жеткиргенин түшүнөсүздөр.
Бир жумага созулган мелдеште жаштар спорттун улуттук
түрлөрү боюнча күч сынашат. Мындан тышкары жаш ойлоп табуучулар сынакка өз
өнөрлөрүн тартуулап, интеллектуалдык оюндарга катышат. Сынакта аскердик-прикладдык
сынак жана аскердик техникалардын көргөзмөсү өткөрүлөт.
Темирлан Бакыт, «Алатоо
кырандары» командасынын командири:
-«Айбын»- бул абдан керемет патриоттук
сезимди ойготкон жыйын деп эсептейм. Жалпысынан бул жыйында биз ар-намысыбызды,
аскердик даярдыгыбызды көрсөтүп жатабыз. Мамлекеттик символдорубузду көтөрүү, аскердик-патриоттук
сезимди ойготуу үчүн келдик.
Олег Соловцов, Минс Суворов
училищесинин кадети:
-Биз абдан жакшы таасир алып
жатабыз. Бул сынак ар кайсы өлкөнүн жаштарынын ортосундагы мамилени орнотуу
максатында өтүп жатат деп эсептейм. Жарым жыл даярдандык. Себеби, биздин
мектепте ар дайым даярдык көрүлөт. Жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп, жогорку
орундарды багындырабыз деп ишенем.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков