Саламаттыкты сактоо тармагына тартылган инвестиция

Саламаттыкты сактоо тармагына тартылган инвестиция

2022-жылы ал 273 миллиард теңгеге жеткен. Бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу өсүш 35%ды түздү. Инвестициялардын үчтөн бир бөлүгү борбор калаага туура келет. Бул дээрлик 93 миллиард теңге. Чыгыш Казакстан облусуна да олуттуу көлөм багытталган. Бул 21,5 миллиард теңгеден бир аз көбүрөөк. Үчүнчү сапта - 20,6 миллиард теңге менен Жамбыл облусу. Алматыга улуттук валютада 18,6 миллиард теңге инвестиция тартылган. Түркестан аймагына он жети жарым миллиард инвестиция салынган. Шымкентте бир жарым миллиардга азыраак салынса, 15,5 миллиард — Караганды облусуна туура келет. Айта кетсек, эң төмөнкү көрсөткүчтөр Атырау жана Улытау облустарында катталган: болгону 1 миллиард жана 1,4 миллиард теңге. Мындай маалыматты Finprom.kz аналитикалык порталы келтирди. Алардын маалыматына караганда, тармакка инвестициянын үчтөн бир аз көбүрөөк бөлүгү ишканалардын өздүк каражаттарынын эсебинен берилген. Дагы үчтөн бир бөлүгү жергиликтүү бюджеттин эсебинен камсыздалды. Ошондой эле олуттуу көлөм республикалык бюджетке жана банктык эмес насыяларга туура келген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков