Казакстан,
Азербайжан жана Грузия мамлекеттери Транскаспий эл аралык транспорт коридору
аркылуу жүк ташуу боюнча биргелешкен компания түзүүгө киришти. Мындай кадам
Европа менен Кытайдын ортосунда бирдиктүү тарифтер боюнча транспорттун өтүшүн
камсыздайт. Учурда тараптар бардык жараяндарды, анын ичинде административдик
жараяндарды жөнөкөйлөштүрүү маселелерин карап жатышат. Бүгүнкү күндө жалпы
эрежелер түзүлүүдө. Максаты – административдик тоскоолдуктарды жана жол
көйгөйлөрүн чечүү. Ошондой эле, жеткирүү убактысын кыскартуу жана сапатын
арттыруу болуп саналат.
Марат Карабаев,
Транспорт министри:
- Астана эл
аралык каржы борборунда каттоодон өттү деген чечим кабыл алынды. Ал компания
жүктөрдүн өтүүсүнө бирдиктүү тариф берет. Бул тариф 5 жылга чейин сакталат.
Башкача айтканда, анын өз убагында өтүшүн камсыздайт. Жалпысынан Азиядан
Европага аталган транспорттук коридор менен жүк ташууга 53 күн керектелсе,
учурда 18-20 күнгө чейин кыскартылды. Алдыда 15 күнгө чейин кыскартуу
максатыбыз бар.
Жалпысынан
Транскаспий эл аралык транспорт каттамына суроо-талап өсүп жатканы байкалат.
Маселен, Казакстандын аймагы аркылуу өткөн жүктөрдүн көлөмү жыл сайын эки эсеге
өсүүдө. Өткөн жылы Актау жана Курык деңиз портторунан орто коридорго 1,6
миллион тоннага жакын жүк жөнөтүлдү. Быйыл анын көлөмүн 3,5 миллион тоннага
чейин жеткирүү максаты коюлган.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков