Казакстанда Конституциялык сотко кайрылган жарандардын социалдык аялуу тобу мамлекеттик алымдан бошотулат. Сенат Казакстандын жарандарынын салык жүгүн жеңилдетүү максатында, Салык кодексине өзгөртүүлөрдү кабыл алды. Документте ата мекендик өндүрүшчүлөрдү шыктандырууга багытталган толуктоолор да камтылган. Маселен, мындан ары балык уулоочу ишканалар өнүмдү кайра иштетүүдө кошумча нарк салыгын 70%га аз төлөшөт. Буга чейин мындай жеңилдик балык чарбаларына колдонулчу. Зергерлерге тазартылган алтынды сатуу жана чийки кантты экспорттоо салыктын бул түрүнөн толугу менен бошотулат. Ал эми кант өндүрүүчүлөр үчүн мындай жеңилдиктин мөөнөтүн узартуу каралууда. Транспорт системасын мындан ары өнүктүрүү да көңүл сыртында калган жок.
Алибек Куантыров, Улуттук экономика министри:
Темир жол транспорту чөйрөсүндө нөлдүк тарифти колдонуу менен жүргүнчүлөрдү ташуучуларга магистралдык темир жол тармагын тейлөө кызматтарын көрсөтүүдө, сатып алуу маселелерин жөнгө салуу каралып жатат. Жарандык авиация тармагында сертификаттарды берүү үчүн жыйымдарды алып салуу боюнча ченемдер киргизилет. Анткени кызматтарды өзүн-өзү каржылаган уюм көрсөтөт. Ошондой эле, транзиттик аба кемелерине май куюуда кошумча нарк салыгынын нөлдүк ставкасын колдонууну кеңейтүү сунушталууда. Учурда жеңилдикти аэропорттор гана пайдалана алат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков