Чоң жетиликтин өлкөлөрү Борбор Азиядагы инфраструктуралык долбоорлорго 200 миллиард доллар инвестиция салууга даяр. Каражаттын басымдуу бөлүгү Казакстанга багытталат. Алардын арасында транспорт жана логистика, таза энергия өндүрүү, айыл чарба товарларын өндүрүү, сейрек кездешүүчү металлдарды өндүрүү жана кайра иштетүү тармагындагы долбоорлор негизги көңүл борборунда болот. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, бул өнөктөштүк программасынын негизги максаты дүйнөдөгү азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоо жана транспорттук каттамдарды ар тараптандыруу болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков