Мунай рекорддук чекте кымбаттады

Мунай рекорддук чекте кымбаттады

Мунайдын баасы кайрадан кымбаттады. “Кара алтындын” баасы акыркы 4 айда рекорддук чекке жетти. Ошентип, Лондон биржасындагы соода маалыматтарына караганда, Brent маркалуу мунайдын баррели 87 доллардан жогору сатылууда. Ал арада Нью-Йорктун товар биржасында WTI маркасындагы мунайдын баррели 84 доллардан бир аз жогору бааланып жатат. Ага чейин талдоочулар мунайдын кымбатташынын себебин айтышкан. Серепчилердин айтымында, баанын көтөрүлүшүнө АКШдагы “кара алтындын” кору азайып кеткени себеп болгон.

Которгон: Илгиз Жамалбеков