Казакстандын
өкмөтү 2025-2027-жылдарга арналган республикалык бюджеттин жаңы долбоорун кабыл
алды. Ал өлкөнүн өнүгүүсүнүн социалдык-экономикалык болжолунун негизинде
иштелип чыкты. Тактап айтканда, 2025-жылы бюджеттин кирешеси 21 триллион 700 миллиард
теңге деңгээлинде болушу күтүлүүдө. Ошондой эле Улуттук фонддон 2 триллион
теңге өлчөмүндө кепилденген трансферт тартуу мерчемделип жатат. Бюджет
социалдык багыттагы бойдон кала берет. Келерки жылы бул тармакка 10 триллион
теңгеге жакын каражат бөлүү көздөлгөн. Каражат социалдык төлөмдөрдү
индексациялоого, билим берүү гранттарын көбөйтүүгө жана калкка медициналык
жардам көрсөтүүгө жумшалат. Мындан тышкары, аймактарды колдоо приоритеттүү
багыт бойдон кала берет. 2025-жылы бул үчүн болжол менен 7,5 триллион теңге
бөлүү каралган. Экономиканын конкреттүү тармагына, атап айтканда, агро өнөр жай
комплексин, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана ишкердикти, кичи
жана орто бизнести колдоого 2 триллион теңгеден ашык каражат жумшалат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков