Казакстандын биринчи Коргоо Министри, Советтер Союзунун баатыры Сагадат Нурмагамбетовдун туулганына 100 жыл толду. Борбор калаада эгемендүү мамлекеттин алгачкы Куралдуу күчтөрүн негиздеген инсандын өмүр жолуна арналган көргөзмө ачылды. Анда буга чейин көрсөтүлө элек сүрөттөр менен жаңы материалдар, жарлыктардын көчүрмөлөрү жана макалалар сунушталды.
Баалуу документтердин бири: Эгемен Казакстандын Коргоо комитетинин Коргоо министрлиги болуп өзгөртүлүшү тууралуу жарлык. Муну менен катар, Сагадат Нурмагамбетовдун ушул мекемени башкарып турган кезиндеги сүрөттөр көпчүлүктүн назарына коюлду. Иш-чаранын жүрүшүндө белгилүү инсандын көзүн көргөн жарандар эскерүүлөрү менен бөлүшүштү.
Бакытжан Ертаев, Эл баатыры:
– Казакстан Куралдуу күчтөрү комитетинин төрагасы Кеңеш ардагери генерал-лейтенант Сагадат Кожахмет уулу дайындалды дегенде, мен ыргып туруп кыйкырып жибердим. Өлкөгө шаштым. Ал кишинин колун кармагым келди. Ал тургай анын колун кармаган кезде катардагы жоокер болууга да даяр болдум. Ошол кыялым орундалды.
Айсулу Нурмагамбетова, Сагадат Нурмагамбетовдун кызы:
– Албетте, бул абдан оор мезгил болду. Бирикме ыдырап, офицерлер өз өлкөлөрүнө кетип жатты. Техника алыш-бериш болду. Ал эртең менен саат 6да командировкадан учуп келип, 8де жумушка кетчү. “Ата, түшкө чейин уктап алыңыз” деген өтүнүчтөрүбүздү такыр этибарга алчу эмес.
Которгон: Илгиз Жамалбеков