Казакстан 82 мамлекет менен визасыз режим орнотту

Казакстанга чет элдик туристтердин агымы көбөйүүдө. Тармактык министрлик мындай жаңы тенденция дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү менен визасыз режимдин киргизилишине байланыштуу экенин айтат. Мисалы, Кытай менен 14 күндүк эки тараптуу кирип-чыгуу жеңилдетилгенден бери аталган өлкөдөн келгендердин саны 20 эсеге өстү. Өз ара эки аптага чейин визасыз жүрүү мүмкүнчүлүгүн индиялык туристтер да колдон чыгарган жок. Мындан улам алардын саны үч эсеге көбөйдү. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө 82 өлкөнүн жарандары үчүн визасыз режим  колдонулат. Дүйнөнүн 117 өлкөсүнө электрондук визалар киргизилди. Казакстандын аймагындагы 12 эл аралык аэропортто «Ачык асман» режими иштейт. Мунун баары чет элдик туристтерди өлкөгө тартууга арналган. 

Ермек Маржыкпаев, Туризм жана спорт министри:

- Расмий статистикага ылайык, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча ички туристтердин саны 9,6 миллион адамды түздү. Конок үйлөрү аркылуу кызмат көрсөтүлгөн чет элдик туристтердин саны 17% же 150 миңге көбөйүп, болжол менен 1,1 миллион адамга жетти. Жайгаштыруу объекттери 229 миллиард теңгеге кызмат көрсөттү. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 46 миллиард теңгеге көп.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков