АЭКБ арбитраж тармагындагы аялдар күнү өттү

«Астана» эл аралык каржы борборунда жарандык жана коммерциялык талаштарга катышкан арбитраждардын 75% аялдар. Бул көрсөткүч көптөгөн өлкөлөргө караганда эки эсе жогору. Серепчилердин айтымында, Казакстандагы эл аралык соттун заманбап тенденциялары чет элдик инвесторлордун сот системасына болгон ишенимин арттырат.  Бул баарынан мурда Астананын Эл аралык каржы борборунун сотунда жана Эл аралык арбитраж борборундагы иштер мыйзамдуулуктун эң жогорку талаптарына ылайык чечилип жатканын айгинелейт. Жалпысынан Казакстан соттук жана арбитраждык талаш-тартыштардын бардык катышуучуларына бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берет. Борбор калаадагы Astana Finance Days атайын жыйынынын катышуучулары ушундай пикирде.  Арбитраждагы көп түрдүүлүктүн жана инклюзивдүүлүктүн маанилүүлүгү боюнча талкууга АКШ, Кытай, Европа жана Азия өлкөлөрүнөн алдыңкы талдоочулары, арбитрлер жана медиаторлор катышты.

Кристофер Кэмпбелл-Холт, АЭКБ, ЭАБ сотунун каттоочусу жана аппарат башчысы:

– Астана эл аралык каржы борборунун соту жана Эл аралык арбитраж борбору 6 жарым жылдан ашык убакыттан бери үзгүлтүксүз иштеп келе жатат.  Бул мезгилдин ичинде 3300дөн ашык иш аткарылды.  Бул чындыгында дүйнөлүк рекорд. Мындай иштер менен бизден башка бир дагы эл аралык каржы борбору алектенген эмес. Биздин 10 судьянын үчөө - айымдар. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков