Казакстандык «Happy Independence Day» тасмасы Лондондогу
алтынчы эл аралык Евразия
кинофестивалында мыкты деп табылды. Улуу Британиянын Евразия өлкөлөрүнүн
кинематографиясын жайылтуу боюнча жалгыз платформасы быйыл 22 өлкөдөн дээрлик
100 тасма тартты. Тасма «Мыкты кыска метраждуу фильм» номинациясын жеңип алды.
Камила Сагынткан, режиссер:
-Биздин кыска метраждуу
тасманын өзгөчөлүгү, биринчиден, менин тобум мыкты болду. Алардын баары менин
досторум жана баары бул идеяга кызыгышты.
Башкы каарман да өз ролун чебер аткарды. Ал абдан чебер актёр. Менин бардык
ойлорумду колдоп, колдон келишинче жардам берди. Биздин тасманы өзгөчө Чыгыш
Европа өлкөлөрү абдан кызыгуу менен көрүштү деп ойлойм. Тасманын бет ачары
Польшада өттү. Кийин Германияга кеттим.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков