Казакстан өнөр жайынын өнүгүү дарамети

Казакстандын экономикасында кайра иштетүү өнөр жайынын үлүшү 12 пайыздан ашты. Бул жаатта тармак өлкөнүн ички дүң өнүмүндө тоо-кен металлургия комплексинин деңгээлине жетти. Сектордун кыймылдатуучу күчүнө айланган өндүрүш очокторунун катарында заманбап жогорку технологиялык жабдыктар орнотулган Алматы желдеткич жана Кентау трансформатор заводдору бар. Өнүмдөрү дүйнөлүк стандарттарга жооп берет. Премьер-министрдин биринчи орун басары экономиканы мындан ары ар тараптандыруу жана өндүрүш секторунда өсүштү камсыз кылууга байланыштуу өкмөттүн планы менен бөлүштү. Роман Скляр өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана президенттин тапшырмаларын аткаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу бир катар маектер топтомун баштады. Анын айтымында, өлкөдө тез өнүгүп келе жаткан ишканалар жетишерлик.

Ал өлкөнүн экономикалык абалына кайра иштетүү өнөр жайын өркүндөтүү менен катар, моно-шаарлардын да өнүгүүсүнө оң таасир тийгизерин кошумчалай кетти. Мындай өндүрүштүк шаарлардын бири- Екибастуз. Мында бүгүнкү күндө  темир жол транспортун жасоо өнүмдөрүнүн 72 пайызы чыгарылат. Кулжа айында эң ири ферроэритме заводу ишке кирет. Ал эми Саран шаарында быйыл 1 миллион заманбап дөнгөлөктөр өндүрүлөт деп мерчемделген. Костанай — дүйнөдөгү эң заманбап чоюн заводу бар шаар. Анда көмүр кычкыл газын чыгаруучу түтүгү жок.

Роман Скляр, Премьер-министрдин орун басары:

- Негизги артыкчылык кайра иштетүү тармагына берилери анык. Өкмөт мындан ары да бул багытта ишти улантат. Бул жерде жергиликтүү камтуунун үлүшүн көбөйтүү жана инвестиция тартуу жөнүндө сөз болуп жатат. Бул биздин жаштар үчүн жемиштүү жана жакшы акы төлөнүүчү жумуш орундарын ачууга мүмкүндүк берет. Бул башкы милдет. Калгандары аткарыла берет.  Өлкөнүн экспорттук дарамети, импорттун ордун алмаштыруу, ишканалардын эсебинен бюджетке түшүүчү салыктар, аны коштогон жумушчу орундардын түзүлүшү, башкача айтканда, баарын өзү менен кошо тарткан бүтүндөй бир локомотив.

Которгон: Илгиз Жамалбеков