Саламаттык сактоо министрлиги «100 күн - 100 суроо» долбоорун колго алды

Саламаттык сактоо министрлиги «100 күн - 100 суроо» долбоорун колго алды

Саламаттык сактоо министрлиги «100 күн – 100 суроо» долбоорун баштады. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Ажар Гиният өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди. Өлкөдө медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу максатында казакстандыктар өз сунуштарын жөнөтүп, суроолоруна жооп ала алышат.

«Мамлекет башчысынын «Элдин үнүн уккан өлкө» негизги принциптерин ишке ашыруунун маанилүүлүгүн эске алуу менен Саламаттык сактоо министрлиги жарандардын суроолоруна өз убагында жана ыкчам көңүл буруп, калкты коргоо боюнча социалдык саясаттын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашырууга бардык күч-аракетин жумшайт. Жөнөкөй жарандардын, коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда сиздердин ачык диалогду түзүүнү колдоого чакырабыз жана саламаттык сактоо системасын жакшыртуу боюнча биргелешкен «100 күн – 100 суроо» долбоорунун башталганы тууралуу кабарлайбыз», - деп жазды министр.

Которгон: Илгиз Жамалбеков