Жаңы JJ жана Silk Way: континенттерди бириктирген долбоорлор

Жаңы JJ жана Silk Way: континенттерди бириктирген долбоорлор

«Jibek Joly» жана «Silk Way» телеканалдары жаңы телесезонду сунуштады. Ал абдан мазмундуу жана кызыктуу болору күтүлүүдө. Алматыдан Сеулга чейин, Еревандан Улан-Баторга чейинки көрүүчүлөрдү премьералар, түз эфирлер, уникалдуу музыкалык долбоорлор бириктирет. Алардын арасында масштабдуу "Silk Way Star" телешоусу бар. Сынак Евразиянын жаңы маданий бренди деп эсептелет. Анда 12 өлкөнүн катышуучулары жеңиш үчүн ат салышат. Премьера телеканалдын жана долбоорго катышкан өлкөлөрдүн каналдарынын экранына аяк оона айынын 20да чыгат.

Хун Бин, Silk Way Star калыстар тобунун мүчөсү, Кытай


- Биз буга чейин 5 эпизодду тартып бүттүк. Бардык катышуучулар абдан күчтүү. Кечээ бизде салттуу музыка менен тур болду - абдан кооз болду. Кийинки жылы бул сынакты Кытайда, CCTV менен биргеликте өткөрөбүз деп ойлойм.


«Jibek Joly» жана «Silk Way» телеканалдары быйыл эл аралык медиа өнөктөштүктү дагы да күчөтүп, өлкө чегинен тышкары көрсөтүүнү кеңейтет. Эфирде дагы да реалдуу-шоулар, аналитикалык программалар жана адамдар тууралуу баяндар пайда болот. Алардын арасында «Чындык майда-чүйдөсүнө чейин» программасындагы журналисттик иликтөөлөр, өлкөнүн «чоң» саясатынын көшөгөсүн баяндаган Life of a diplomat долбоору жана башкалар бар. Сезондун ачылышында «Jibeк joly» радиосу да тааныштырылды.


Наталья Буренкова, Jibek Joly радиосунун жетекчиси:


- Биз көптөгөн жаңы долбоорлорду даярдап жатабыз, бирок эң негизгиси биз жаңы музыкалык радио форматын ишке киргизүүдөбүз. Бул баары бир көбүрөөк музыка жана ал кандайдыр бир өзгөчө жана айырмаланып турушу керек. Азыр биз акыркы он жылдыктагы казак эстрадасына көңүл бурдук, бул музыканын жаңы толкуну. Ал эми "Жибек жолу" радиосунун өзгөчөлүгү биз казак эстрадасын гана эмес, ошондой эле Борбор Азия аймактарынын музыкасын да беребиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков