Курмангазынын күүлөрү тууралуу анимациялык чыгарма жарыкка чыкты

Курмангазынын күүлөрү тууралуу анимациялык чыгарма жарыкка чыкты

Уникалдуу долбоор ата мекендик жаш аниматорлордун биргелешкен өнүмү. Ар ким өзүнө тапшырылган ишке жоопкерчиликтүү мамиле менен карайт. Маселен, анимациялык окуянын арт-мүдүрү - Санжар Жүсип долбоорду кесипкөй сүрөт менен коштоп, окумуштуулар менен жолугуп, тарыхый маалыматтарды чогултуу менен алектенип келет. Башкача айтканда, этнографиялык жана энциклопедиялык маалыматтарды кылдаттык менен изилдөө. Анын максаты – ошол мезгилге мүнөздүү кийимдердин, тиричилик буюмдардын тарыхый актуалдуулугун сактап, колдон келишинче улуттук оймо-чиймеге ылайык чыгармаларды жаратуу.

Санжар Жүсип, «DALA SHYRQAUY» долбоорунун арт-мүдүрү:

- Албетте, чогултулган маалыматтардын негизги булагы китептер болуп саналат. Биздин долбоорго керектүү маалыматтарды чогултууга белгилүү обончу Абылай Тилепберген чоң жардам берди. Курмангазы тууралуу, анын күүлөрү жөнүндө билгендери менен бөлүштү. Биз 19-кылымга тиешелүү башка да маалыматтарды издедик. Көптөгөн кызыктуу нерселерди таптык. Негизи тарыхтан тайбаганга аракет кылдык. Бардыгы 13 бөлүм. Албетте, бул Курмангазынын бардык күүлөрүн камтууга аздык кылат.

Долбоордун көрүүчүлөргө тартууланган биринчи бөлүмү казак музыкантынын бала чагын баяндайт. Алгачкы чыгарылышында бала Курмагазынын улуу устаты обончу, күүчү Узак менен жолугушуусу чагылдырылган. Бул тарыхый инсан башкы каармандын чыгармачылык жолун ачкан. Белгилей кетсек, бир нече апта мурун YouTube социалдык тармагына жүктөлгөн алгачкы чыгарма көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды.  Экинчи чыгарылышын быйылкы Нооруз айынын 30унда жарыкка чыгаруу пландалууда. Ошондой эле, долбоордун кийинки этабы иштелип жатат. Ал Сугир, Даулеткерей, Казангап, Дина Нурпейисова сыяктуу казактын легендарлуу ырчыларына арналмакчы.

Альберт Аргёнштейн, анимациялык студиянын мүдүрү:

- Айрымдары долбоордун сценарийин жазса, башкалары эскиз моделдерин жасайт. Башкы каармандардын образын жараткан өзүнчө топ бар. Биздин аниматорлор мунун баарын бир каналга бириктирет. Ошентип, ар бир команда өзүнө жүктөлгөн иш менен алектенет. Кийинки долбоорлордо уламыш, жомок каармандарын анимациялык тилде тартуу көздөлүп жатат. Негизги максатыбыз – улуттук фольклорду чет өлкөлөрдө, КМШга жана башка чет мамлекеттерге жайылтуу. Азыр бул багыттагы бардык экинчи долбоорлордун үстүндө иштеп жатабыз.

Анимацияланган сериал чыныгы тарыхый маалыматтарды, ошондой эле уламыштарды камтыйт. Долбоор аркылуу жаш аниматорлор казак элинин өнөрүн кайра жаратууга салым кошууну, аны жаш муундардын арасында кеңири даңазалоону, улуттук өзгөчөлүктү башкаларга таанытууну максат кылууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков