Пандемия ишканаларды үзгүлтүксүз камсыздоону жана эффективдүү логистикалык чынжырды түзүүнүн жаңы ыкмаларын үйрөттү. Ошентип соода жүгүртүүнү көбөйтүү максатында Казакстан менен Орусия атайын агроэкспрессти ишке киргизди. Бул эң жеңил тарифтер боюнча эки тарапка тең жеткирүүнү камсыз кылган, айыл чарба жүктөрүн бириктирген логистикалык темир жол коридору.
Вероника Никишина, Орусия экспорт борборунун башкы мүдүрү:
- Ал эми Казакстанга келсек, соодабыз азайган жок, тескерисинче өстү десек болот. Бул системалуу соода кызматташуусу туруктуу экономикалык мамилелерди сактоонун ачкычы экенин көрсөтүп турат.
Өз кезегинде Италиянын Верона шаарында өткөн XIV Евразиялык экономикалык форумда Европа аркылуу өтүүчү логистикалык коридорлор эң эффективдүү болору айтылды. Деген менен форумдун катышуучуларынын айтымында, пандемиядан кийин өндүрүштү көбөйтүү жана логистиканы калыбына келтирүү зарыл. Коронавирустан улам келип чыккан каатчылыкты кыскартуу үчүн экономиканы кайра багыттоо зарыл экенин көрсөттү.
Антонио Фаллико, «Евразияны тааны» бирикмесинин президенти:
- Биз бардык өндүрүштү кайра багытка салып, таптакыр чектөөсүз керектөө рыногунан экономиканын гуманитардык моделине өтүшүбүз керек. Өндүрүш ыкмаларын гана эмес, керектөө ыкмаларын да өзгөртүү зарыл. Биз экономикалык тартипти өзгөртүүгө тийишпиз. Ошондой эле, Казакстан Атлантикадан Тынч океанга чейин Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында жана Чоң Евразиянын ичинде маанилүү оюнчу болуп, жаңы пандемиядан кийинки экономикага өтүүдө өз ролун аткаруу керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков