Казакстандыктар Костанай облусундагы өрттөн жабыркагандарга ири гуманитардык жардам жөнөтүшүүдө. Эмгек жамааттары бир күндүк эмгек акыларын атайын жардам фондусуна которуп жатышат. Шаардыктар, коомдук ишмерлер, жаштар, ишкерлер күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды, тамак-аш, жылуу кийимдерди чогултуп, облуска жөнөтүшүүдө.
Магжан Исахов, шаардык жаштар ресурстук борборунун башчысы:
- Бул биримдигибизди, биздин уюмду көрсөтүп турат. Ата-бабаларыбыздан келе жаткан улуу салт жана үрп-адат. Учурда ишти улантып жатабыз. Гуманитардык жардамды жеткирүү жана ыктыярчылардын эмгеги менен өрт чыккандан кийинки калдыктарды тазалоого катышуу пландалууда.
Маңгыстаулуктар дагы гуманитардык жардам чогултушту.
Абзал Марат, ыктыярчы:
- Социалдык тармактар менен башка медиа булактары үчүн байланыш телефондорун чыгардык. Иш убактысына карабай салым кошууну каалаган жарандар менен сүйлөшүп жатабыз. Кабыл алуу пункттары кечки саат 8ге чейин иштейт.
Караганда облусунда бир күндө 10 миллион теңгеге жакын жана 10 тоннадан ашык гуманитардык жардам чогултулду. Жабыркаган аймактарда калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн ыктыярдуу күч түзүлдү.
Нурсултан Шаменов, «Amanat» партиясынын коомдук кабыл алуу филиалынын жетекчиси:
- Карагандыдан 30га жакын жаштар Костанай облусуна барат. Ушундай эле тизмелер шаар, райондордо да түзүлдү.
Ал эми Актөбө облусунда жергиликтүү ишкерлер 40 тоннага жакын жүк жыйнашкан. Каржылык колдоо атайын эсепке которулат.
Ербол Шыма, «Amanat» партиясынын коомдук кабыл алуу филиалынын аткаруучу катчысы:
- Бүгүнкү күндө бир миллион теңгеге жакын акча чогулттук. Бир тонна күрүч, 500 килограмм гречка, 300 литр күн карама майын алдык. Калган жарандарыбыз күнүмдүк маянасын “Аманат” партиясынын расмий фондуна которушат.
Жабыла көтөргөн жүк жеңил. Казакстан эли Костанай облусунун жапа чеккен тургундарына жардамдын агымын токтотушпайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков