Атыраудагы мунай насостук станцияларындагы авария кара алтынды ташууга терс таасирин тийгизген жок. Бул тууралуу Каспий куур консорциуму билдирди. Маалыматка ылайык, аба ырайынан улам Атырау облусунда бир нече электр мамылары кулап, консорциумдун «Курмангазы» жана «Исатай» насостук станцияларында электр жарыгы өчүрүлгөн. Окуя мунай ташууга таасирин тийгизген жок. Деңиз терминалында кара алтынды жөнөтүү штаттык режимде жүргүзүлүүдө. Станциялар көмөкчү энергия булактарынан кубаттандырылып, авариялык абалдын пайда болуу коркунучу жок - деп айтылат консорциумдун сайтындагы маалымдамада.
Которгон: Илгиз Жамалбеков