Казакстанда Букар
бугуларынын саны көбөйдү. Түркестан облусунда Кызыл китепке кирген
жаныбарлардын санын көбөйтүү боюнча иш-чаралар 2000-жылдан бери жүргүзүлүп
келет. Буга байланыштуу облуста «Букар бугулар бакчасы» түзүлүп, айланасы
тосулган. Бүгүнкү күндө атайын кароолдо турган туяктуу малдын саны 200дөн ашат.
Ошондой эле, алардын 64ү жакында эле токойго коё берилди. Белгилей кетсек,
жаныбарларды коргоочулар куландар жана жейрендер үчүн питомниктерди түзүү
жөнүндө да ойлонушкан.
Бакыт Мусалиев, Токой
чарбасы жана жаныбарлар дүйнөсү аймактык инспекциясынын бөлүм башчысы:
-Питомниктин
ичине караганда сыртта жүргөн бугулардын саны көбөйгөнү байкалат. Аны биздин
камералар тартып алат, адамдын көзүнө көрүнө бербейт. Сейрек кездешет. Мындан
тышкары, бизде кошумча асыл тукум чарбанын айланасына коё берилген жапайы бугуларыбыз
да бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков