«Саламаттуу
Казакстан» медициналык поезди кайрадан жолго чыкты. Кийинки сапарда эң
негизгиси алыскы айылдардын
тургундарына акысыз медициналык жардам көрсөтүү, жалпысынан 147 калктуу конушка
баруу мерчемделүүдө. Быйыл «көчмө
клиника» өлкөнүн батыш аймактарына барат. Айта кетсек, көчмө поезд заманбап
жабдуулар жана лаборатория менен жабдылган. Ошондой эле, чакан операцияларды
жүргүзүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Медициналык
топтун курамына хирург, невропатолог, офтальмолог, стоматолог жана рентгенолог
кирет. Жалпысынан 30га жакын адис бар. Психологдор, юристтер да камтылган. Уюштуруучулардын айтымында, алар 90
миңден кем эмес айыл тургундарын акысыз медициналык жана юридикалык жардам
менен камтууну көздөп
жатат.
Дарыгерлер бул өнөктүктү жылдын аягына чейин бүтүрүшөт. Белгилей кетсек,
2010-жылдан бери медициналык поезддер дээрлик 2 миң станцияга барып, 650 миңден
ашуун адамды
текшерүүдөн өткөргөн.
Айнур Егинбаева, Башкы дарыгер:
-
Жабдуулар
жаңы. Быйыл маммограф
койдук. Кампабыз бар, баарын эсептейбиз, бир жерден бир нерсе түгөнүп калса,
буйрутма беребиз, бизге жеткирип беришет.
Тимур Султангазиев, Саламаттыкты сактоонун биринчи вице-министри:
-Керектүү УЗИ-аппараттары, флюорография, рентген, электрокардиография,
электроэнцефалография бар. Ал эми эң негизгиси ар кандай тармактагы 15ке жакын
дарыгерлердин болгондугу. Поезддин ишмердүүлүгүнүн аркасында адамдагы
патологияны алгачкы этапта аныктоо мүмкүнчүлүгү пайда
болуп, эффективдүү жардам
берүүгө шарт түзүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков