Казакстандын Президенти Бельгиянын Премьер-министри менен жолукту

Казакстандын Президенти Бельгиянын Премьер-министри менен жолукту

Казакстандын Президенти расмий сапарынын алкагында Бельгиянын Премьер-министри менен жолугушту. Касым-Жомарт Токаев менен Барт де Вевер саясий диалогдорду бекемдөө, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү боюнча кызматташтык дараметин талкуулашты. Мамлекет башчысы Бельгияны Казакстандын Европа Биримдигиндеги негизги өнөктөштөрүнүн бири катары атады. Ал каржы тармагындагы эң алдыңкы 10 инвестордун катарына кирет. Акыркы 20 жылда аталган  өлкөдөн келген түз инвестициянын жалпы көлөмү 15 млрд долларды түздү. Өз ара соода алмашуунун көлөмү былтыр 580 миллион доллардан ашкан. Касым-Жомарт Токаев эл аралык кызматташтык мындан да маанилүү экенин белгиледи. Өз кезегинде Барт де Вевер эки тараптуу мамилелерди андан ары тереңдетүү жана стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүү ниетин билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков