Маңгыстау аймагында ири дан терминалы ачылат

Маңгыстау аймагында ири дан терминалы ачылат

Маңгыстау облусунда дан терминалын ишке киргизүү пландалууда. Анын кампаларында бир мезгилде 100 миң тонна буудай сактоого болот. Ошондой эле суткасына 400 тонна ун тартууга жөндөмдүү. Кошумчалай кетсек, жаңы объект жылына 25 миң тонна кебек өндүрүүгө мүмкүндүк берет. Терминалдын жылдык жүк жүгүртүүсү 2 миллион тоннаны түзүшү мүмкүн. Мунун натыйжасында райондогу үй жаныбарларын жетиштүү өлчөмдө тоют менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан тышкары бул жерде иштетилген өнүмдөрдү Өзбекстан, Тажикстан жана Ооганстанга экспорттоо көздөлүп жатат. Керектүү өндүрүш инфраструктурасы бар. Ал өнүмдү андан ары ташуу үчүн жээктеги жүктөө кампасынын терминалынын функцияларын аткара алат. Бул регионго гана эмес, бүтүндөй Казакстанга да мультипликативдик экономикалык эффект берет деп күтүлүүдө. Эске салсак, президент Касым-Жомарт Токаев терминалды калыбына келтирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеген.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков