Беларуста беш казакстандык десантчы «Эрдик жана чеберчилик» төш белгисине ээ болду

Беларуста казакстандык беш десантчы «Эрдик жана чеберчилик» төш белгисине ээ болду. Ата мекендик аскерлер бул өлкөдө жыл сайын өтүүчү десантчылардын эл аралык элиталык сынагына катышкан. Алар атуу, медициналык, чалгындоо, инженердик, аба-десанттык, топографиялык, байланыш жана башка да күжүрмөн даярдык сыноолорунан да мүчүлүштүккө учурашкан жок. Тик учактан 600 метр бийиктиктен парашют менен секирип, сууда сүзүп, 30 чакырымды толук жабдык менен чуркап өттү. Кесиптик чеберчилиги сыналган 100дүн үчтөн бири гана жыйынтыктоочу сынактан өттү. Алардын бешөө казакстандык жоокерлер.

Марат Агамбаев, Куралдуу күчтөрдүн аба-десанттык аскерлеринин дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы:

-Финалдык этап бир аз татаалыраак болду. Финалдык турда биздин жигиттер мыкты аракет көрсөтүштү. Бардык этаптарды дем албай, токтоосуз багындырды. Жыйынтыгында кол күрөштө үч раунд бою намысты берген жок.  Десантчыларыбыз  согуштук даярдыктын чыныгы чеберлери экендигин иш жүзүндө далилдешти. Жыл сайын келип, ийгилигибизди эки эселенгенге аракет кылабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков