4,1 миллиард долларлык соода алмашуу

4,1 миллиард долларлык соода алмашуу

2023-жылдын 11 айында Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 4 миллиард доллардан ашты. Эске сала кетсек, тараптардын алдында өз ара товар жүгүртүүнү 10 миллиард долларга жеткирүү милдети турат. Максатка жетүү үчүн эки өлкө өз ара кызматташууну кеңейтүү боюнча протоколго кол коюшту. Мындан тышкары, телекоммуникацияны өнүктүрүүгө багытталган Жол карталары да ийгиликтүү иштеп жатат. Ал эми 2023-жылдын бугу айында Казакстандын өндүрүшчүлөрү жана кызмат көрсөтүүчүлөрү Ташкентте соода миссиясын өткөрүштү. Өлкөнүн тиешелүү мекемесинен билдиргендей, Өзбекстанга курулуш материалдарын, кондитердик жана сүт азыктарын жеткирүү, ошондой эле IT кызматтары боюнча 44 миллион долларлык келишимдер түзүлдү. Ата мекендик өнүмдү коңшу республиканын рыногуна экспорттоону мындан ары жогорулатуу максатында мындан бир ай мурун, бештин айында эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасында «Борбордук Азия» эл аралык өнөр жай кооперация борборунун индустриалдык аймагы түзүлгөн.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков