Жаңы Конституция бийликтин коом алдындагы жоопкерчилигин күчөтөт

Жаңы Конституция бийликтин коом алдындагы жоопкерчилигин күчөтөт

Жаңы Конституциянын долбоору бийликтин коом алдындагы жоопкерчилигин арттырат. Мындай пикирин адилет министри Ерлан Сарсембаев билдирди. Анын айтымында, Баш мыйзамдын долбоору Мамлекеттик башкарууну өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт. Башкача айтканда, мамлекеттик кызматкерлердин иши ачык боло түшөт. Ал эми жарандардын укуктарын коргоо механизмдери чыңдалат. Бул демилге эл менен бийликтин ортосундагы байланышты бекемдөөгө мүмкүндүк берет.

Ерлан Сарсембаев, Адилет министри:

– Алгачкы кадам катары биз адам капиталын эң биринчи орунга коюп жатабыз. Адамдын көз карашы менен жазылган Баш мыйзам деп айтууга толук негиз бар. Ушунун бардыгын эске алып, биз элдик Баш мыйзам деп айтууга мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков