Казакстандык теннисчи Елена Рыбакина Германиянын Штутгарт шаарында өткөн аялдар теннис
ассоциациясынын турниринде жеңишке жетти. Бул теннисчинин карьерасындагы 8-ири жана
быйылкы сезондогу 3-жеңиши. Финалдык беттеште дүйнөнүн 4-ракеткасы украиналык
Марта Костюкту эки беттеште тең 6:2 эсебинде утуп алды. Беттеш 1 саат 9 мүнөткө
созулду. Казакстандын биринчи ракеткасы финалдык оюнда 6 брейк-пойнттун 4сүн жүзөгө ашырды. Белгилей кетсек, жарым финалда
Рыбакина дүйнөнүн биринчи ракеткасы польшалык Ига Швёнтекти жеңген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков