Абай облусунда 100дөн ашык инвестициялык долбоор ишке ашырылууда

Абай облусунда 100дөн ашык инвестициялык долбоор ишке ашырылууда

Абай облусу инвестицияларды көбөйтүүдө. Инвестициялардын көлөмү 19%дан ашык өстү. Аймактын акими Берик Уали мамлекет башчысына социалдык-экономикалык өнүгүү тууралуу маалымдады. Ошентип, жалпы пулга кирген инвестициялык долбоорлордун саны 4 эсеге – 29дан 112ге чейин көбөйдү. Ал эми алардын наркы эки эсеге – 4,5 триллион теңгеге чейин өстү. Эң ири долбоорлордун катарында — Аягөз – Бахты темир жол линиясынын, Семей шаарындагы жаңы ЖЭБдин жана тоо-кен байытуу комбинатынын курулушу бар.  Касым-Жомарт Токаев облус борборунда атайын экономикалык зонаны түзүү боюнча иштер тууралуу да маалымдалды. Ал жерде 400 миллиард теңгелик өндүрүштөр ишке киргизилет. Ал эми Алакөл көлүнүн туристтик зонасын өнүктүрүүнүн алкагында аймакта инфраструктура модернизацияланып, Үржардагы аэропорттун терминалы реконструкцияланат. Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекет башчысы инвестицияларды тартуу боюнча иштерди күчөтүүгө багытталган бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди. Президент ошондой эле «Абайга урмат» акциясын тийиштүү деңгээлде өткөрүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков