Казакстан менен Өзбекстандын президенттери төрагалык кылган Жогорку мамлекеттер аралык кеңеш түзүлөт. Анда эки өлкөнүн кызматташтыгынын стратегиялык багыттары аныкталып, жалпы кызыкчылыктагы маанилүү маселелер каралат. Өлкө Сенаты тараптардын ортосундагы союздук мамилелер тууралуу келишимди жактырды. Документ алкагында эл аралык аренада кызматташтыкты чыңдоого артыкчылык берилет. Мындан тышкары, трансчегаралык суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу сыяктуу экологияны биргелешип коргоо чаралары каралган. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жагы да көңүл сыртында калган жок. Жалпысынан жогорку деңгээлдеги милдеттенмеге негизделген келишим өнөктөштүк дараметин болушунча керекке жаратууга багытталган.
Алишер Сатвалдиев, Парламент Сенатынын депутаты:
– Макулдашууда саясий, аскердик, соода-экономикалык, транзиттик-транспорттук, энергетикалык, маданий-гуманитардык, жарандык коргонуу жана энергетика тармактарында кызматташууну кеңейтүү каралган. Ошондой эле, бул документти кабыл алуу аркылуу эки өлкөнүн парламенттери, саясий партиялары менен коомдук уюмдары ортосундагы байланыштарды чыңдоо көздөлгөн.
КМШ мамлекеттеринин адистештирилген эпидемияга каршы бригадалары түзүлөт
Ошондой эле, Сенат Казакстандын КМШ өлкөлөрү менен коомдук саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган мыйзамды кабыл алды. Бул макулдашуу Шериктештикке мүчө мамлекеттердин биологиялык коркунучтарга каршы иш-аракеттеринин жамааттык системасын өнүктүрүүнүн укуктук негиздерин аныктайт. Башкача айтканда, санитардык-эпидемиологиялык өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча өз ара жардам көрсөтүү тартибин жөнгө салат. Бул жаатта адистештирилген эпидемияга каршы бригадаларды түзүү көздөлүп жатат. Алар кайрылуучу тараптын медициналык уюмдарына консультативдик-методикалык жана тажрыйбалык жардам көрсөтөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков