Казакстанда 3 гидроэлектр станциясы курулат

Казакстанда 3  гидроэлектр станциясы курулат

Казакстанда дагы 3 чакан гидроэлектр станция курулат. Алар Караганды, Актөбе жана Абай облустарында пайда болот. Суу ресурстары жана ирригация министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, учурда үч долбоор тең мамлекеттик экспертизадан өтүп жатат. Демилге суу электр станцияларын өнүктүрүү боюнча «Жол картасынын» алкагында колго алынды. Чакан суу электр станциясын орнотууга ылайыктуу 29 объект тандалып алынган. Долбоорлор ишке ашса, гидротехникалык объектилерде жыл сайын жалпы көлөмү 30 МВт кубат өндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Максат Ибрагим, Суу ресурстары жана Ирригация министрлигинин Ирригация жана дренаж башкармалыгынын башкы серепчиси:

– Учурда ишкананын балансында үч чакан ГЭС бар. Алар Түндүк Казакстан облусундагы Сергеев гидротүйүнүндө, Караганды облусундагы Ынтымак суу сактагычында жана Коргос дарыясындагы «Достук» гидротүйүнүндө жайгашкан.

Которгон: Илгиз Жамалбеков