Мамлекет башчысы медицина тармагынын кызматкерлерин сыйлоо аземинде сөз сүйлөдү. Касым-Жомарт Токаев чогулгандарды кесиптик майрамы менен куттуктап, жолугушуунун өзгөчө маанилүүлүгүн кошумчалады. Президент ак халатчандар тынчтык күнүнүн баатыры наамына татыктуу экенин өзгөчө белгилеп, терең ыраазычылыгын билдирди.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Медицина кызматкерлери улуттун ден-соолугунун сакчылары, эң кадырлуу кесиптердин ээлери. Айрыкча глобалдык эпидемия учурунда, башкача айтканда, ковид кезинде бүткүл өлкө дарыгерлердин ак ниет ишмердүүлүгүнө күбө болду. Татаал мезгилде медицина кызматкерлери миңдеген адамдарды сактап калышты. Биз камкор адамдардын эмгегин баалайбыз. Биз алардын туруктуулугу менен сыймыктанабыз. Бир адамдын өмүрүн сактап калуу бүт адамзатты сактап калууга барабар.
Бүгүнкү күндө өлкөнүн саламаттык сактоо тармагында 380 миңге жакын адам эмгектенет. Ар бир адистин эмгеги зор. Президент бүгүнкү күндө улуттук медицина тармагы тездик менен өнүгүп жатканын белгиледи. Бизде жетишкендиктер аз эмес.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Беш жылдын ичинде 800гө жакын саламаттык сактоо объектилери, бейтапканалар жана ооруканалар курулду. Бул иш токтобойт жана мамлекет инфраструктураны өнүктүрүүнү улантат. Улуттун саламаттыгын жакшыртуу биринчи жардам көрсөтүүдөн башталат. Өлкөдө айыл жергесинде медицина системасын жаңылоо боюнча улуттук долбоор ишке ашырылууда. Бүгүнкү күндө 469 имарат тургузулду. Жыл аягына чейин дагы 186 объект курулат. Райондук ооруканалар заманбап жабдуулар менен камсыздалууда.
Мамлекет башчысы өлкөдө медициналык туризм динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи. Жыл сайын Казакстанга 10 өлкөдөн 45 миңге жакын адам дарылануу үчүн келет. Бул өлкөдө медициналык жардамдын жогорку сапатын көрсөтүп турат. Ата мекендик дарыгерлер жүрөккө ачык операция жасашат, органдарды трансплантациялоо өнүгүп, нур терапиясынын алдыңкы ыкмалары колдонулуп жатат. Президент өлкө фармацевтика тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын баса белгиледи. Эл аралык ири инвесторлорду тартуу менен тармакты өнүктүрүү боюнча аракеттердин маанилүүлүгүн кошумчалады.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Келечекте медицина илиминин дараметин толук өздөштүрүү зарыл. Бул үчүн азыркы убакта бекем негиз бар. Биздин окумуштуулар онкология, трансплантология, неонатология, генетика, биомедицина жаатында жаңы ачылыштарды жасашты. Кан ооруларын дарылоодо ата мекендик препараттар колдонулууда. Жасалма интеллект илдеттерди аныктоо жана дарылоо горизонтторун кеңейтет. Бул келечектүү чөйрөдө олуттуу секирик жасоо зарыл. Ошондой эле өзөктүк медицинанын мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу пайдаланууга арзыйт.
Жолугушуунун соңунда Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө зор салым кошкон медицина кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

