Казакстандын Президенти Улуттук курултайдын 5-жыйынында
өлкөнүн чоң жетишкендиктерин белгиледи. Өткөн жылы өлкө экономикасы 6,5 пайызга
өстү. Ички дүң өнүм 300 миллиард доллардан ашып, жан башына 15 миң долларды
түздү. Бул бүткүл Борбордук Азия региону үчүн рекорддук көрсөткүч. Улуттук
фонддун валюталык активдери 5 миллиард долларга өсүп, өлкөнүн алтын-валюта
резервдери 65 миллиард доллардан ашты. Бирок андан ары өнүгүү үчүн тез арада
өзгөртүүлөрдү талап кылган тармактар да бар. Касым-Жомарт Токаев белгилегендей,
биринчи кезекте жогорку технологиялык жана энергияны көп талап кылган келечек
экономика үчүн бекем пайдубал түзүүгө көңүл буруу керек. Бул үчүн бардык
нюанстарды алдын ала ойлонуштуруп, эске алуу зарыл. Атап айтканда, кубаттуу дата-борборлорун куруу зоналарын
туура аныктап, аларга керектүү инфраструктураны жеткирүү кажет.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Биз атомдук электр
станцияларынын курулушунун
аякташын күтпөстөн, жаңы энергетикалык
кубаттуулуктарды ишке киргизүүгө киришүүбүз керек. Дата-борборлору
энергияны керектөө жагынан металлургиялык комбинаттарга тең экенин эске алуу
зарыл. Ошондуктан энергетикалык өз алдынчалуулук маселелери мамлекеттик
саясаттын маанилүү бөлүгү катары каралууга тийиш. Казакстанда
123,1 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрүү биздин бардык
пландарыбызды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жетишсиз.
Казакстанда болжол менен 33 миллиард тонналык көмүр
кору бар. Бул стратегиялык активди натыйжалуу пайдалануу керектигин баса белгилеген Президент, Өкмөткө көмүр
генерациясын өнүктүрүүгө Улуттук долбоор макамын берүүнү тапшырды. Күн тартибинде маанилүү
долбоорлорду тездетүү, анын ичинде Көкшетау, Семей, Өскемен шаарларында жаңы ЖЭБ
куруу бар.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Курчатовдогу электр
станциясын, ГРЭС-2деги кошумча энергоблокторду өз убагында ишке киргизүү жана
Экибастузда ГРЭС-3 курууга киришүү зарыл. Энергосистеманын туруктуулугун камсыз
кылуу үчүн тез арада баланстоочу кубаттуулуктарды ишке киргизүү керек. Биринчи
кезекте бул газ генерациясына тиешелүү. Жаңы кендерди издөө аркылуу жаратылыш
газынын дараметин күчөтүүгө
болот.
Транспорттук-логистикалык
комплекске да көңүл буруу зарыл. Касым-Жомарт Токаев эл аралык стандарттарга
ылайык автожолдорду модернизациялоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Быйыл өлкөдө дараметти кеңейтүүчү бир катар
долбоорлор ишке ашырылат. Мамлекет башчысынын айтымында, жүк ташуучу
авиакаттамдарга да көңүл буруу керек.
Бирок бул Касым-Жомарт Токаев Курултайда көтөргөн темалардын баары эмес. Ал суу
маселесине да көңүл бурду. Президент Түндүк Аралды калыбына келтирүү долбоорун
улантуу керектигин белгиледи. Учурда Көкарал плотинасын көтөрүү боюнча чаралар
көрүлүүдө.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Аралдан сырткары Каспийдин,
Балхаштын, Иртыштын тагдырын чечүү үчүн кошуналар менен консенсуска жетишип, тиешелүү
келишимдерге кол коюу зарыл. Суу – биздин өлкө үчүн стратегиялык ресурс. Биз
суу маселеси менен системалуу түрдө алектенишибиз керек. Былтыр мен Эл аралык
суу уюмун түзүүнү сунуштагам. Биз бул демилгени Бириккен Улуттар Уюмун
реформалоонун алкагында ырааттуу түрдө алдыга жылдырышыбыз керек.
Президент
өз сөзүндө өлкөдө болуп жаткан масштабдуу реформаларда Улуттук курултайдын ролу
чоң экенин дагы бир жолу баса белгиледи. Төрт жылдын ичинде Курултайдын
мүчөлөрү көптөгөн маанилүү демилгелерди көтөрдү, алардын негизинде
Казакстанды андан ары өнүктүрүү үчүн 26 мыйзам кабыл алынды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

