Премьер-министрдин биринчи орун басары Роман Скляр
Түндүк Казакстан облусунун Есил районундагы айылдардын тургундары менен
жолугушту. Ал белгилегендей, суу каптоодон келтирилген бардык чыгымдардын орду
толтурулат. Ошондой эле, Роман Скляр
калыбына келтирүүгө болбой турган үйлөрдүн ордуна жаңылары курула турганын билдирди. Айта кетсек, суу тартылгандан кийин үйлөрдүн абалын атайын комиссия
текшерет. Буга кошумча, Роман Скляр эки эвакуациялоо пунктту, көпүрөнү, суу
каптоо мезгилинде жүргүнчүлөр транспортунун өтүү коопсуздугун текшерди.
Атыраудагы
жээктерди бекемдөө иштерине кошумча техникалар жөнөтүлөт
Ал арада жээктерди бекемдөө иштерин жүргүзүү үчүн башка аймактардан Атырау
облусуна кошумча техника жөнөтүлөрү белгилүү болду. Мындай чечимди вице-премьер, Республикалык ыкчам штабдын жетекчисинин орун
басары Канат Бозумбаев кабыл алды. Айта кетсек, техникалар Жамбыл, Кызылорда,
Түркестан жана Маңгыстау облустарынан жеткирилет. Канат Бозумбаев облустун акими Серик Шапкенов менен бирге
Орал дарыясынын жээгиндеги аймакты кыдырып, жээктерди бекемдөө, дамбаларды
куруу иштери менен таанышты. Белгилей кетсек, иштер
Атыраунын өзүндө да жүрүп жатат. Вице-премьер дарыянын аялуу тилкелерин мындан
ары бекемдөө боюнча тапшырмаларды берди. Бул чаралар келечектеги суу
ташкындарын алдын алууга жана калктуу-конуштар менен ажайып жайларды коргоого
багытталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков