Казакстандын президенти Орусиянын жез компаниясынын негиздөөчүсү Игорь Алтушкинди кабыл алды. Жолугушууда өлкөнүн тоо-кен металлургия тармагындагы биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселеси талкууланды. Ошондой эле Касым-Жомарт Токаевге компаниянын Казакстандагы ишмердүүлүгү жана кайра иштетүү кубаттуулугун өнүктүрүү пландары тууралуу маалымат берилди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

