Чын курандын 22-24 күндөрү Астанада экологиялык саммит өтөт

Чын курандын 22-24 күндөрү Астанада экологиялык саммит өтөт

Астанадагы аймактык экологиялык саммит эл аралык серепчилердин кызыгуусун жаратууда. Эскерте кетсек, иш-чара чын куран айынын 22-24дө өтөт. Аянтчада Борбор Азия, Европа Биримдиги, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн келе турган 3 миңге жакын катышуучу катталды. Алардын арасында мамлекет башчылары, экологдор, окумуштуулар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бар. Форумдун алкагында Арал жана Каспий маселелери, тамак-аш коопсуздугу, жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу жана климаттык өткөөлгө колдоо көрсөтүү сыяктуу актуалдуу темалар талкууланат.  Мындан тышкары, БУУ менен өнөктөштүктө аймактык экологиялык демилгелерди ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер программасына кол коюу күтүлүүдө. Эскерте кетсек, бул саммитти өткөрүү демилгеси Казакстандын Президенти тарабынан 2023-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясында көтөрүлгөн.

Саранго Раднарагча, БУУнун Казакстандагы туруктуу координатору:

– Бул жылы Аймактык экологиялык саммитти даярдоого катышуу БУУ үчүн чоң сыймык. Саммиттин алкагында БУУ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү менен өнөктөштүктө 2026–2030-жылдарга карата Аймактык экологиялык демилгелерди ишке ашыруу программасына кол коюлат. Артыкчылыктуу долбоорлордун катарына климат жана экология боюнча инвестициялык портфель, «Жашыл мектеп» аймактык платформасы жана циркулярдык экономика тармагындагы өнөктөштүктү өнүктүрүү кирет.

Мансур Ошурбаев, Экология жана жаратылыш ресурстары министринин орун басары:

- Саммиттин алкагында өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди баштоого өзгөчө көңүл бурулат. Тематикалык сессиялардын жыйынтыгы боюнча практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө багытталган 30дан ашык биргелешкен демилгелерге, меморандумдарга жана келишимдерге кол коюу күтүлүүдө. Бул куру диалогдон конкреттүү аракеттерге өтүүгө жана аймактык кызматташтыкты чыңдоого мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, саммиттин алкагында жашыл технологиялардын эл аралык көргөзмөсүн өткөрүү пландалууда. Анда Борбор Азиядагы 30дан ашык ири өнөр жай ишканалары аймактын экологиялык абалын жакшыртуу үчүн киргизилип жаткан заманбап технологияларын тааныштырышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков