Рим шаарында Евробиримдик – Борбор Азия конференциясы өттү

Рим шаарында Евробиримдик – Борбор Азия конференциясы өттү

Италияда Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн айлана-чөйрө жана суу ресурстары жаатындагы кызматташтыгы боюнча жетинчи жогорку деңгээлдеги конференция өтүүдө. Сессиянын ишине Казакстандын делегациясы да катышууда. Иш-чаранын жүрүшүндө аймактын «Жашыл экономикага» өтүүнү тездетүү мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Нурлан Капенов, «QAZAQ GREEN» бирикмеси мүдүрлөр кеңешинин төрагасы:

- Бүгүнкү күндө Казакстанда 130га жакын «жашыл энергетика» объектилери бар жана электр энергиясынын жалпы балансынын 4,5 пайызын «жашыл энергетика» өндүрөт. Борбор Азия өлкөлөрү бир гана «жашыл энергетиканы» эмес, жалпы эле энергетиканы өнүктүрүү үчүн биригиши керек. Ошондо электр тармагындагы көйгөйлөрүбүздү жоюунун жолун таба алабыз.

Владислав Бизек, Евробиримдик курчаган айлана-чөйрөнү коргоо боюнча серепчиси:

- Калкынын жыштыгы төмөн өлкөлөр жана тескерисинче, ачык талаалардын чоң аянты энергиянын кайра жанма булактарын колдонууга даяр. Ал эми Евробиримдиктин өлкөлөрүндө калктын жыштыгы бир топ жогору. Бул тоскоолдук болуп саналат. Мисалы, шамал станциялары калктуу конуштарга абдан жакын салынган. Ал эми коомчулук мындай станцияларга каршы.

Которгон: Илгиз Жамалбеков