Президент
Касым-Жомарт Токаев Астананын жана Казакстандын митрополити Александрды жана
бардык православ динин тутунгандарды Пасха майрамы менен куттуктады. Мамлекет
башчысы православ чиркөөсүнүн салттуу жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды
жайылтууга, жаш муундарды тарбиялоого жана өлкөнүн бай маданий мурасын сактоого
кошкон салымын баса белгиледи. Тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөөдөгү сиңирген
эмгегин баалоо иретинде президент митрополитти 1-даражадагы «Достук» ордени менен сыйлады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

