К. Токаев Медицина Кызматкерлерине Мамлекеттик Сыйлыктарды Тапшырды

К. Токаев Медицина Кызматкерлерине Мамлекеттик Сыйлыктарды Тапшырды

Медицина тармагын өнүктүрүү мамлекеттин стратегиялык милдети, ал эми медицина кызматкерлери жарандардын ден соолугун чыңдоого баа жеткис салым кошот. Бул тууралуу бүгүн Мамлекет башчысы билдирди. Акордада медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Касым-Жомарт Токаев жаңы Конституцияда саламаттыкты сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулганын эске салды. Адам өмүрүн сактоо – бул медиктердин гана эмес, бүтүндөй коомдун милдети экенин далилдейт. Системалуу иш жана мамлекеттик колдоо аркылуу бул тармакта конкреттүү жыйынтыктарга жетишилди.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


Өткөн жылы өлкөдө орточо өмүр сүрүү узактыгы 76 жашка жакындады. Энелердин өлүмү акыркы үч жылда 35%га, ымыркайлардын өлүмү 24%га азайды. Бул Эгемендүүлүк жылдарындагы эң төмөнкү көрсөткүчтөр. Акыркы 7 жылда өлкө боюнча 1300гө жакын саламаттыкты сактоо объектилери курулду. Медициналык камсыздандыруу тармагы да мезгилдин талаптарына ылайык модернизацияланды.


Бүгүн саламаттыкты сактоо тутумунда 280 миңден ашуун адис эмгектенет. Акыркы үч жылда тармакка мамлекеттик колдоонун көлөмү 7 эсеге көбөйдү – дарыгерлердин жана медайымдардын айлык акысы өстү, алыскы айылдарда иштеген медицина кызматкерлери кошумча төлөмдөрдү алышууда. 2023-жылдан баштап алгачкы медициналык-санитардык жардамдын 655 жаңы объектиси курулду. Быйыл дагы 30дан ашуун райондук ооруканалар модернизацияланып, жаңы адистештирилген илимий институттар жана бейтапканалар курулат. Президент Өкмөткө бардык медициналык инфраструктураны масштабдуу түрдө жаңылоо тапшырмасын берди. Ошондой эле алгачкы медициналык-санитардык жардам кызматкерлерин колдоо боюнча атайын программаны иштеп чыгууну талап кылды


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


Өлкөнүн келечеги жана улуттун саламаттыгын сактоо үчүн медициналык билим берүү системасын ырааттуу модернизациялоо стратегиялык мааниге ээ. Профилдик жогорку окуу жайларынын салттуу билим берүү мекемелеринен илимдин жана жогорку технологиялардын күчтүү борборлоруна айланып жатканы кубандырат. Ординатура кесиптик даярдыктын толук кандуу этабына айланууда. Эми анын бүтүрүүчүлөрү базалык профилдеги толук көз карандысыз дарыгерлер болуп практикага чыгышат.


Бүгүнкү күндө Казакстан медициналык туризмдин аймактык борбору катары бекемделүүдө. Бул дарылоонун жогорку стандарттарынын, баа менен сапаттын жана инновациянын натыйжасы. Айта кетсек, өлкө боюнча 1800дөн ашуун клиника санариптештирилген. Ал эми жаңы технологиянын жардамы менен шишик табуунун көрсөткүчтөрү үчтөн бир бөлүгүнө көбөйдү. Касым-Жомарт Токаев бул багыттагы иштер улантыларын белгиледи. Мындан тышкары, Президент Өкмөттүн Астана медициналык университетине эң жогорку – Улуттук макам берүү боюнча сунушун колдоду. ЖОЖ академик Торегельды Шармановдун атын ала алат. Ал эми Караганды медициналык университетине анын негиздөөчүсү жана көп жылдык жетекчиси Петр Поспеловдун ысымын ыйгаруу пландалууда. Бүгүн Касым-Жомарт Токаев тармактын 40тан ашуун кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков