Түрк мамлекеттеринин илимий интеграциясы артат

Түрк мамлекеттеринин илимий интеграциясы артат

Түрк академиясы өткөн жылды жыйынтыктады. Иш-чаранын катышуучулары эл аралык конференцияда 2023-жыл түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн интеграциясына жана өнүгүүсүнө багытталган орчундуу окуяларга бай болгонун белгилешти. Бүгүнкү күндө академия көрүнүктүү инсандар – жазуучулардын, изилдөөчүлөрдүн мурастарын жайылтуу иштерин улантып келет. Чыгармаларда элдердин тарыхый басып өткөн жолу сүрөттөлүп, орток жактары аныкталат. Түрк академиясы уюштурган биргелешкен жыйындын алкагында биринчи жолу казак тилинде “Ататүрктү эскерүү”, түрк тилинде “Улут көсөмү, жаркын инсан – Гейдар Алиев” чыгармалары, ошондой эле, казак адабиятында детектив жанрын негиздеген Кемел Токаевдин урматына арналган “Кемел Токаев: калемгердин өмүр жолу” фолиантынын бет ачары болду.

Шаин Мустафаев, Эл аралык түрк академиясынын президенти:
- Биз Түрк академиясы катары түрк дүйнөсүндөгү мамлекеттердин, элдерибиздин ортосундагы адабий, илимий, маданий байланыштарды кеңейтүүнү алдыбызга максат кылып койгонбуз. Анткени бул бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн кызыкчылыгына туура келет.

Асхат Кеселбаев, Эл аралык түрк академиясынын вице-президенти:
- Үстүбүздөгү жылы Түрк академиясы экономика тармагындагы бардык илимий-изилдөө институттарды бириктирип, жаңы платформа түздү. Жакынкы убакта ядролук физика, математика жана башка тармактардагы окумуштууларды бириктирүү мерчемделүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков