Сенатта гендердик теңчиликти камсыз кылуу маселеси каралды

Казакстан гендердик теңчилик боюнча Борбор Азияда алдыда. Жалпысынан алганда, бүгүнкү күндө өлкө аялдардын теңдиги боюнча глобалдык рейтингде 146 мамлекеттин ичинен 76-орунда турат. Бул тууралуу Улуттук туруктуу өнүгүү максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү боюнча парламенттик комиссиянын Сенаттагы жыйынында айтылды. Статистикалык маалыматтарга караганда, өлкөдө быйыл мамлекеттик кызматтагы аялдардын үлүшү 56% га жетти. Чакан жана орто ишкердик чөйрөсүндөгү айымдардын үлүшү 50% дан ашык. Бүгүнкү күндө Казакстан калкынын 51% ын аялдар түзөт. Жыйынга төрагалык кылган Сенаттын спикери аялдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана алардын дараметин ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү мамлекеттин жана коомдун алдында турган башкы милдет экенин баса белгиледи.

Маулен Ашимбаев, Парламент сенатынын төрагасы:

– Мамлекет башчысынын жарлыгы менен 2030-жылга чейин үй-бүлөлүк жана гендердик саясаттын концепциясы актуалдаштырылды. Өткөн жылы президентибиздин тапшырмасы менен үй-бүлөдөгү зомбулукка карата жоопкерчиликти күчөткөн тиешелүү мыйзамдарга олуттуу өзгөртүүлөр киргизилген. Бул парламент депутаттары, Өкмөттүн жана жарандык сектордун масштабдуу жана ырааттуу ишинин натыйжасы экени талашсыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков