Бул өлкөгө бир катар жеңилдиктерди берет. Биринчи кезекте республикада илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө каражат бөлүнөт, институттун филиалын түзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал эми Мажилисте атап өтүлгөндөй, бул Казакстанда туризм бизнесин өнүктүрүүгө шарт түзөт. Тиешелүү мыйзам парламенттин төмөнкү палатасынын депутаттары тарабынан кабыл алынып, Сенаттын кароосуна жөнөтүлдү. Белгилей кетсек, өлкөнүн Борбордук Азиянын Регионалдык Экономикалык Кызматташтык Институтуна толук кандуу мүчө болушу долбоорлорду ишке ашырууга, мүчө-мамлекеттердин аймактык кызматташуу жараяндарына катышуусун кеңейтүүгө, дараметин жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөт. Улуттук экономика министрлигинин маалыматы боюнча, институт 11 мамлекет жана жети эл аралык уюм тарабынан түзүлгөн. 2015-жылдын жалган куран айында Үрүмчү шаарында Борбор Азиянын Регионалдык Экономикалык Кызматташтык Институту ачылып, 2017-жылдын аяк оона айынын 1де өкмөттөр аралык уюмдун расмий макамын алган. Казакстан институтту түзүү боюнча келишимге 2022-жылдын бирдин айынын 21де кол коюп, бүгүнкү күндө байкоочу макамына ээ.
Которгон: Илгиз Жамалбеков