Туристтик
дараметти жана креативдүү
индустрияны өнүктүрүү. Астанада «Диво Мира» эл аралык туристтик
кинофестивалынын финалы өтүүдө. Ага Казакстан, Орусия, Кытай, Өзбекстан,
Беларус, Иран жана Кыргызстандан жүздөн ашык видеооператорлор жана
мобилографтар чогулду. Катышуучулардын
алдында турган милдет – өз чыгармаларында туулган жердин жаратылышынын
кооздугун жана табиятын
чагылдыруу. Финалга чыккандардын видео, даректүү жана кыска метраждуу
тасмаларына атайын түзүлгөн калыстар тобу баа берет. Анын курамына
туризм индустриясынын, маркетингдин, массалык маалымат каражаттарынын жана
видеоблогингдин өкүлдөрү кирди. Сынак өзгөчө Астана шаарын өнүктүрүү борборунун
колдоосу менен өткөрүлүүдө. Анын өкүлдөрүнүн айтымында, Казакстандын борбору
туризмди активдүү өнүктүрүүдө. Өткөн жылы эле ага үч миллион үч жүз жыйырма миңден ашык коноктор
келди. Анын төрттөн бири чет элдик саякатчылар.
Сергей
Кривцов, «Диво
Мира» эл аралык туристикалык кинофестивалынын уюштуруучусу:
-«Диво
Мира» бул жерде экинчи
жылы өтүп жатат, быйыл биринчи этапты сиздердин өлкөдө, Казакстанда өткөрүп
жатабыз. Туристтик видео спецификалык жана аны адамдарды тигил же бул туристтик
обьектке же бул аймакка келүүгө түрткү бере тургандай кылып жасоо оңой эмес.
Жазира
Жанкина, «Диво
Мира» эл аралык туристикалык кинофестивалынын тең уюштуруучусу:
-Бул
кинофестиваль кызыктуу. Анткени, биз азыр ички туризмибизди, Казакстандын кооз
жерлерин таанытып жатабыз. Ушундай жол аркылуу Казакстан канчалык уникалдуу
экенин көрсөтө алабыз. Бизде 8-ге жакын номинация болот. Ар бир номинациянын
бөлүктөрү бар. Өнөр жай, окуялар, маданий мурас, ыйык туризм, гастро турлар,
маалымат борборлору. Мисалы, Алматы
улуттук сейил бактары менен мактанса, ал эми Караганды ыйык жерлерин көрсөтөт
менин билишимче.
Которгон: Илгиз Жамалбеков