Казакстан менен ЕБ кызматташтыгы кеңейүүдө

Казакстан менен ЕБ кызматташтыгы кеңейүүдө

Европа Биримдиги казакстандыктарга виза берүү тартибин жөнөкөйлөтөт. Тиешелүү келишимди түзүү боюнча процедуранын башталышы тууралуу бүгүн Касым-Жомарт Токаевдин Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү – Европа Комиссиясынын вице-президенти Кая Каллас менен Алматы шаарындагы жолугушуусунда белгилүү болду. Бул кадам европалык өлкөлөр менен байланыштарды жана ишкердик алакаларды чыңдоо үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Сүйлөшүү учурунда тараптар эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча да пикир алмашышты. Президенттин айтымында, Казакстан бардык курч эл аралык көйгөйлөрдү жана чыр-чатактарды дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү позициясын туруктуу карманат.

Которгон: Сезим Шейшеналиева