Казакстан менен Болгария ортосундагы кызматташтык артат

Казакстан менен Болгария ортосундагы кызматташтык артат

Казакстан менен Болгария ортосундагы кызматташтык өсүүдө. Өткөн жылы өз ара сооданын көлөмү 4 эсеге көбөйүп, 375 миллион долларга жетти. Быйыл бул көрсөткүч 83 миллион доллардан ашты. Тараптар эми бул жетишкендикти эки эсеге көбөйтүүнү көздөп жатышат. Кызматташтыктын келечеги эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусунда талкууланды. Болгариянын президенти Румен Радев Астанага расмий сапар менен келди. Касым-Жомарт Токаев Болгария Казакстандын Түштүк - Чыгыш Европадагы маанилүү жана ишенимдүү өнөктөшү экенин баса белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Өлкөдө 60ка жакын Болгариялык компания бар. Алар ар кандай тармактарда ийгиликтүү иштешет. Эки мамлекеттин кызыкчылыктарына жооп берген жаңы инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу макулдашылды. Биз мунай жана газ, кайра жанма энергия, «жашыл» энергетика, атомдук өнөр жай, санариптештирүү, инновация, жасалма интеллект, космостук өнөр жай, айыл чарба, саламаттыкты сактоо, маданий-гуманитардык байланыштар жана туризм тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн карадык.

Казакстан менен Болгариянын президенттери тар жана кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Мамлекет башчысы Болгариялык компаниялар, инвесторлор менен өз ара аракеттешүүнү колдой турганын, ошол эле учурда соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссия негизги ролду ойной турганын белгиледи. Президент аталган комиссиянын алкагында транспорт-логистика тармагында кызматташуу боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүүнү сунуштады. Стратегиялык соода жолдорунун бирине айланган  Транскаспий эл аралык транспорттук коридорунун долбооруна Болгариянын «Бургас» жана «Варна» деңиз портторун кошуу маселесин карап чыгуу макулдашылды. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча мамлекет башчылары ЖМК өкүлдөрүнүн алдында сөз сүйлөштү.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Өткөн аптада Казакстан менен Болгария ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлгөнүнө 33 жыл толду. Сиздин сапарыңыз ушул мааракелик этапка туш келип жатат. Бул убакыттын ичинде биздин өлкөлөр бардык деңгээлдерде өз ара ишеним, саясий диалогду жөнгө салышты. Так келишим-укуктук негиз түзүлдү. Эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштары чыңдалды.

Румен Радев, Болгария Республикасынын президенти:

- Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы өз ара кызматташууга жаңы дем берет деп ишенем. Транскаспий транспорттук коридорун мындан ары өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюу биздин эки өлкөнүн ортосундагы байланышты алга жылдырууга ниеттенип жатканыбызды көрсөтүп турат. Казакстан менен Болгариянын географиялык абалын мүмкүн болушунча натыйжалуу пайдалануу зарыл. Анткени бул багыт Азия менен Европаны байланыштырат. Мындан тышкары, жүк ташуу, энергетика жана санариптештирүү жаатында гана эмес, маданий байланыштарыбызды кеңейтүүдө дагы көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар.

Казакстан Болгариянын космостук изилдөөлөр жана технологиялар, коргонуу өнөр жайы жаатындагы алдыңкы тажрыйбаларын үйрөнүү менен бирге иш алып барууга даяр. Мамлекет башчысы маданий-гуманитардык, билим берүү жана аймактар аралык байланыш жаатында кызматташууну өнүктүрүү тууралуу макулдашты. 2018-жылы София шаарында Астана көчөсү пайда болду. Эми жакында борбор калаада Болгариянын борбору София деген көчө ачылат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Казакстан менен Болгария 5 документке кол коюшту.

Которгон: Илгиз Жамалбеков