Регионалык экологиялык саммит - Дүйнөлүк ЖМКлардын көңүл чордонунда

Регионалык экологиялык саммит - Дүйнөлүк ЖМКлардын көңүл чордонунда

Астанада өткөн аймактык экологиялык саммит дүйнөлүк маалымат каражаттарынын көңүлүн бурду. Белгилүү басылмалар Казакстандын борборундагы жыйындын маанилүүлүгүн экологиялык чакырыктарга каршы күрөшүүнүн бирдиктүү стратегиясына көптөн күткөн өтүү катары белгилешти.


https://www.euronews.com/2026/04/22/central-asian-leaders-back-proposal-for-un-water-agency


Euronews жазгандай, аймактын өкмөттөрү чөлдөшүүгө каршы күрөшүү, биоартүрдүүлүктү коргоо боюнча жамааттык чараларды иштеп чыгуу максатында чогулушту. Форумдун негизги темаларынын бири суу коопсуздугу жаатындагы чечимдерди издөө болду. Автор Казакстандын президентинин БУУнун адистештирилген агенттигин түзүү демилгесин Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлери колдоого алганын белгилейт.


https://thediplomat.com/2026/04/setting-realistic-expectations-for-kazakhstans-regional-ecological-summit/


Америкалык The Diplomat басылмасынын макаласында форумдун ийгилигинин негизги критерийи экологиянын эң курч көйгөйлөрүн чечүү үчүн реалдуу кызматташуу механизмдерин түзүү мүмкүнчүлүгү болору баса белгиленет.


https://www.koreaherald.com/article/10723399


Өз кезегинде, Korea Herald басылмасы үч күндүк иш-чаранын масштабына токтолду. Бул жерде сөз талкуулардын деңгээли жөнүндө гана эмес, олуттуу инвестициялар тууралуу да болуп жатат. Саммиттин алкагында болжол менен 2 миллиард долларга жакын инвестициялык келишимдер каралганы маалымдалды.


https://lapresseturquoise.fr/2026/04/24/sommet-ecologique-regional-asie-centrale-eau-climat-technologies/


Француздук La Presse Turquoise басылмасы болсо, Казакстан экологиялык күн тартибин мамлекеттик эң жогорку деңгээлге чыгарып, айлана-чөйрөнү коргоону саясаттын негизги артыкчылыктарынын   бири   катары бекиткенин жазды. Материалда климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшкө заманбап технологиялар да тартылары өзгөчө белгиленген. Атап айтканда, жасалма интеллект табигый ресурстарды башкарууну оптималдаштырууда жана экологиялык кризистерди алдын ала божомолдоодо негизги курал катары колдонулмакчы.

Которгон: Илгиз Жамалбеков